БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-январы № 3
“Бакай-Ата районунун өнүктүрүү” фондусуна долбоорлорду тандоо жөнүндө.
Боо-Терек айыл аймагынан кесип өткөн чоң Талас каналынын жээгине суу сордуруучу насостук станциясын максаттуу орнотуп иштетүү жөнүндөгү жана ошондой эле айыл чарба багытындагы айдоо суугат жерлерди ирригациялык жактан өнүктүрүү боюнча “Бакай-Ата районунун өнүктүрүү” фондусуна сунушталган долбоорун карап чыгып, талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынан кесип өткөн чоң Талас каналынын жээгине суу сордуруучу насостук станциясын максаттуу орнотуп иштетүү үчүн жана Боо-Терек айыл аймагындагы №935, №943 контурларындагы айыл чарба багытындагы айдоо суугат жерлерди суугаруу үчүн 3 500 659 (үч миллион беш жүз миң алты жүз элүү тогуз) сомдук долбоору жактырылып долбоордук өтүнмө бекитилсин.
2. 3 500 659 (үч миллион беш жүз миң алты жүз элүү тогуз) сом акча каражаты “Бакай-Ата районунун өнүктүрүү” фондусунун эсебинен каржылануусу үчүн суралып, тиешелүү иш кагаздары Боо-Терек айыл өкмөтү тарабынан даярдалып жөнөтүлсүн.
3. Талас каналынын жээгине суу сордуруучу насостук станциясынын астындагы жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Талас облусунун суу чарба башкармалыгынан макулдук берүү жөнүндөгү иш кагаздарын алдыруу айыл өкмөтүнүн башчысына жагы жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |