Редакцияот 23.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 23-январы № 5

 

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылына карата, жыл ичиндеги бюджетинин

аткарылышы жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык Кенешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын 2023-жылдын 14-ноябрындагы XXXI сессиясынын №1 токтому менен кабыл алынган регламентине ылайык, 5 күн мурун Боо-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2023-жылдын 12-айына карата жасаган иштери боюнча отчетунун жыйынтыгы жөнүндөгү депутаттарга кагаз түрүндө таркатылып берилген материалдарды айылдык Кенешинин депутаттары үйлөрүнөн окуп, карап чыгып таанышып, талкуулап айылдык Кенешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXXIII сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Боо-Терек айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 12-айынын жыйынтыгына карата жасаган иштери боюнча отчету алымча кошумчасы менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарына калтырылсын.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.