Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 25-январы № 1840-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 1832-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 1832-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева