КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28-сессиясы
2024-жылдын 17-январы № 28/4
2024-2026-жылдарга Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 “2021-2023-жылдар мезгилинде Кыргыз-Республикасынын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы”жөнүндө жарлыгынын ишке ашыруудагы, “Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагынын 2021-2023-жылдар социалдык экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатында Кыргыз-Кыштак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында” кабыл алынган иш-чараларынын планы жактырылсын.
2.2024-2025-2026-жылдарга Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүү програмасында кабыл алынган иш-чараларынын планы жактырылсын.
3.Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш-чаралардын экономика ,бюджет жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиялары аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык кенештин сесияларында кароо жагы бекитилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Машрапов |