Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-октябрындагы № 105/XXVII-28

Инвестицияларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк каражаттарды бекитүү жана демилгелүү жана мониторинг тобун түзүү жөнүндө

 

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Н.Черненконун Инвестицияларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк каражаттарды бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, жергиликтүү бюджеттен 20% пайыздык салымды белгилөө зарыл. Демилгелүү жана мониторинг тобун бекитүү. «Ысык-Ата өнүктүрүү фондуна» 2024-жылга карата долбоорго ылайык:

Долбоор 1. “Буденовка айылынын  жалпы билим берүү орто мектебинин 1-кабатынын полдорун капиталдык оңдоо жана эшиктерин алмаштыруу”, Кочкорбаев айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Долбоорлордун жалпы наркынан 20% жергиликтүү бюджеттин салымы бекитилсин.
  2. “Буденовка айылынын  жалпы билим берүү орто мектебинин 1-кабатынын полдорун капиталдык оңдоо жана эшиктерин алмаштыруу” долбооруна демилгелүү жана мониторинг тобун бекитилсин.

                                     

Демилгелүү тобунун курамы:

     Кайдулатова М.Б. – Буденовка орто мектебинин мүдүрү;

     Машкин И.А – айылдык Кеңешинин депутаты;

     Байсубанова А.А. – айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси;

                             

Мониторинг тобунун курамы:

      Элгондиева А. – депутат АК;

      Бейшекеева Ч.Д. – мамлекеттик сатып алуулар жана

   инвестицияларды тартуу боюнча башкы адис;

      Абдулхатов М. – мектептин завхозу;

      Малабаев Э.Д – инжиниринг кызмат көрсөтүүчү;

      Сариева М.Н. – айылдык активисти.