Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28-сессиясы

 

2024-жылдын 17-январы № 28/5

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу  Умай-Эне айылындагы М.Миталипов толук эмес орто мектебине ашкана куруу жөнүндө

         Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Умай-Эне айылындагы М.Миталипов толук эмес орто мектебине ашкана куруу боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган проекти сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелүү топтун билдирүүсүн угуп,жана талкуулап чыгып,Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Кыргыз-Кыштак айылдык кенеши

 

                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

      1.Умай-Эне айылындагы М.Миталипов атындагы орто мектебине ашкана куруу боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалып каржыланып жаткан проектилерге, Кыргыз-Кыштак  айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катарында 200  000 сом акча кражаты 2024-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.

      2.2024-жылгы бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3111 статьясына толук эсептөөлөрү менен бекитилсин.

      3.Финасы Экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Таировго мыйзам чегинде бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.

      4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Кыштак  айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кыргыз-Кыштак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Машрапов