КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 28-сессиясы
2024-жылдын 17-январы № 28/9
Кайра бөлүштүрүрүү фондунун жерлеринен 2024-жылга калган ижара акысынан, соц обеъкттерге бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айылдык кенеши күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенешинин туруктуу бюджет комиссиясында каралып,талкууланганын эске алып,
салыкчы Т.Досатов жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы
Ш.Матраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз-Кыштак айылдык кенеши
Токтом кылат:
1.Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлериндеги 2024-жылга калган ижара акысынан, соц объкттерге.
1.1. Кыргыз-Кыштак айылындагы балдар бакчасынын имаратынын фундаментине 1 600 000(бир миллион алты жүз мин)сом,
1.2. Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров ат.Бүргөндү АМБдин милициянын участкалык имаратын курууга 600 000 (алты жуз мин) сом
1.3 ”Кайтпас” чек ара заставасына 300 000 (уч жүз мин) сом айнек жана терезелерин алмаштырууга бөлүнүп берилсин.
2.Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Матраимовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Машрапов |