КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектегиХХХХIII-сессиясы
2024-жылдын 29-январы №43/4
Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин
22.01.2024ж. №1-06/1 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин 22.01.2024ж. №1-06/1 кайрылуу катынын негизинде коммуналдык менчик департаментин «Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаменти» деп өзгөртүү менен жобосун жана штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө талкуулап карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХХХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментин «Көк-Жаңгак шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаменти» деп өзгөртүү менен жобосу жана штаттык бирдиги бекитип берилсин.
2.Тиешелуу иш кагаздарын (Юстиция башкармалыгынан каттодон өтүү, ИНН, печать ) тактоо жагы коммуналдык менчик деппартаментинин жетекчиси И.Абдурасуловго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |