КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектегиХХХХIII-сессиясы
2024-жылдын 29-январы №43/5
Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин
22.01.2024ж. №1-06/2 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин 22.01.2024ж. №1-06/2 Т.Шерматов көчөсүндөгү номери жок 0,025га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчике алуу үчүн карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХХIII-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Шерматов көчөсүндөгү номери жок 0,025га жер тилкеси муниципалдык менчикке бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, муниципалдык реестрине киргизүү жагы коммуналдык менчик департаментинин тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргака жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |