Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2024-жылдын 12-январы № 27/2

Майдан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 19-декабрындагы №01-35/469 сандуу катын кароо жөнүндө

Майдан элин сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Ак-Гоорум-Майдан” каналын куруу үчүн Кадамжай райондук Уч-Коргон токой чарбасынын пайдалануусундагы А.Масалиев өкмөтүнүн админстративдик аймагынан узундугу 1200м  аралыкта куруп өтүүсү боюнча угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши

                                                                                                                                      

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

  1. Майдан элин сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Ак-Гоорум-Майдан” каналын куруу үчүн Кадамжай райондук Уч-Коргон токой чарбасынын пайдалануусундагы А.Масалиев өкмөтүнүн админстративдик аймагынан узундугу 1,2 км аралыкта куруп өтүүсүнө  макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.Галботоев