Редакцияот .02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү ХVII сессиясынын

 

2023-жылдын 24-июну № 24

Панфилов айылынында жайгашкан суу скважиналарын Панфилов Райондук суу- чарба башкармалыгын  балансына өткөрүп берүү жөнүндө

                    Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н. Узакбаевдин маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин  Панфилов айылынын Партсъезд XV кичи районунун контурунда жайгашкан №989  жана №856 скважиналарын   Райондук суу- чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү зарылчылыгынын негизинде, Курам айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Курама айыл өкмөтү Панфилов райондук суу- чарба башкармалыгынын балансына Панфилов айылынын Партсъезд XV кичи районунун контурунда жайгашкан №989 S=0,04  жана №856 (244) S=0,04 га  скважиналарын   Райондук суу- чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берсин.Укук белгилөөчү документтерди тариздөө жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Панфилов филиалында каттоо жүргүзүлсүн. 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М.Узакбаевге жүктөлсүн.

Төрага:

Р.Р.Мамбеталиев