Редакцияот 10.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-октябры № 03

Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине Дуулат уулу Илья атын ыйгаруу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,36,39-беренелерине ылайык, ошондой эле № 4 орто мектебинин директору А.А.Саргалдаеванын  Кара-Балта шаарынын № 4 орто мектебине “Дуулат уулу Илья” атын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусун эске алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Кара-Балта шаарынын №4 орто мектебине Дуулат уулу Илья аты ыйгарылсын.

2.   Бул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М. Дуйшеналиев