Редакцияот 13.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Байтик айылдык кеңешинин 21 отуруму

28-чакырылыш

2021-жылдын 13-ноябры № 69

Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү

Сейдалиев Бакытбек Джакбекович жана Кусанов Чыныбек Болотбекович өз менчигиндеги жер участогун айыл чарба багытындагы (айдоо жер) категориядан жер, өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Башкарасуу айылында жайгашкан №211 контурунда 2,04 га. жер участогун айыл чарба багытындагы (айдоо жер) категориядан, “өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуууга макулдук берүү.

2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы (айдоо жер), айдоо жерлеринин категориясынан жер, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

А. Джумагулов