БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 21 отуруму 28-чакырылыш
2021-жылдын 5-августу № 59
Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай,транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү
ЖЧК “Максель Строй” өнөр жай объектилерин жайгаштыруу үчүн жер участогун “Айыл чарба багытындагы (кайрак) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы” категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сатыбеков Максатбек Абдыкуловичке таандык №344 - контурунда жайгашкан жалпы аянты 3,56 га кайрак айдоо жер тилкесине өнөр жай объектиси кирпич завод жайгаштыруу үчүн жана кен казып алуу үчүн жер участогун “Айыл чарба багытындагы (кайрак) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы” категорияга которууга макулдук берилсин.
2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы жер участогун “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категориясына которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Джумагулов |