САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 9-февралы № 63
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1. Баткен регионалдык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан макулдашылган өзгөртүүлөрдүн долбоорунун негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын Жайылма участогунун башкы планына өзгөртүүлөр киргизилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У.Гайыпов |