Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 8-февралы № 1

 

2023-жылдагы Кыштут айыл өкмөтунун социалдык экономикалык өнугуу планын аткарылышы жана социалдык экономикалык  өнугуу планын 2024-жылга  бекитуу жана 2025-2026 жылдарга болжолдуу пландарын  бекитуу жөнундө

 

    "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өзалдынча башкаруу органдары жөнундө " Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2021-жылдын 20- октябрындагы   № 123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 3-бөлумунө ылайык 2023- жылдагы Кыштут  айыл өкмөтунун социялдык- экономикалык  өнугуу планын аткарылышы жана социалдык-экономикалык планын 2024-жылга жана 2024-2026- жылдарга болжолду пландары жөнундө  Кыштут  айыл өкмөтунун башчысы . Эркебаевтин  билдируусун угуп жана талкуулап.Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын I-сессиясы

                                                     Токтом кылат.

 

1.2023- жылдагы Кыштут  айыл өкмөтунун  социалдык экономикалык өнүгүү пландарын аткарылышы канааттадырарлык деп табылсын .      

2. 2024-жылдагы Кыштут айыл өкмөтүнүн социалдык -экономикалык өнүгүү планы  өзгөртуулөр жана толуктоолорду эске алып бекитилсин.

    3.  2025-2026-жылдарга түзүлгөн  өнүгүү планына коомдук угууларды эске алуу менен аныкталган  көйгөй маселелер артыкчылыктуулугуна жараша киргизилсин .

4. Токтомдун аткарууга алуу жагы өкмөт башчы А.Эркебаевке жүктѳлсүн.

  4 .Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы. Ж. Мидиновко  тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

С.Сүйүнов