Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2024-жылдын 8-февралы № 2

 

Кыштут айыл Ѳкмөтунун жайыт Комитетинин 2024-жылга карата Жайыт акыга болгон тарифтерди бюджетин бекитуу жөнундо

                                                               

 

Кыштут айыл Ѳкмөтунун Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2024- жылга иш планын жана тарифтери жөнундө .Жайыт камитетинин төрагасы .Б Закировтун  билдируусун угуп жана талкуулап, Кыштут айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын  I- сессиясы .

                                                                       Токтом  кылат.

1.Кыштут айыл аймагынын   Жайыт комитетинин 2024-жылга карата түзүлгөн операциялык чыгымдарды жана жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн эсептөө 2024-жыл үчүн жайыт акы өлчөмдөрүнүн негизинде 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 327557  миң сом чыгаша бөлүгү 327557 миң сом   

2. Жайыт комитетинин жайыт акыга болгон  тарифтери бир жылга төмөнкүдөй бекитилсин.

--мал башына ийри мүйүздүү малдарга 80 сом сезондук пайдаланууга ар бир айга 8 сомдон.

--кой эчкилерге 24 сом сезондук пайдаланууга ар бир айга 2 сомдон.

--жылкылар үчүн 150сом.   

3. Киреше бөлугу 327557 миң  сом жана    Чыгаша бөлугу  327557 миң сом өлчөмундө  Б   Закировтун түзгөн сметасын тиркелсин.

4. Алыскы жайыттарга мал чыгарууга 1-июнга чейин тыюуу салынсын.

5. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Жайыт комитетинин төрага   Б. Закировко     жүктөлсүн.

6. Токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

 

Төрага

 

С.Сүйүнов