Редакцияот 02.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Байтик айылдык кеңешинин 5 отуруму 29-чакырылыш

 

2023-жылдын 02-августу  № 45-п

 

Балдар ойноочу аянтчасын жана намазкана курууга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө

Байтик айылынын тургундарынын намазкана жана балдар ойноочу аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып, Байтик айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Байтик айылынын Эшмамбет уулу А. көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан аянты 0,20 сотых жер тилкесин балдар ойноочу аянтчасы жана намазкана куруу үчүн бөлүнүп берилсин. Анын ичинен: балдар ойноочу аянтча курууга 0,18 сот жана намазкана курууга 0,02 сот.

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

К. Осмоналиев