Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXX чакырылышы кезектеги XII сессиясы

2023-жылдын 6-марты № 12

“Шаардык мэриянын 03.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станциялары тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө

Шаардык мэриянын 03.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станциялары тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Шаардык мэриянын 03.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансындагы “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станциялары тууралуу” кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.

2.  “Таш-Көмүр шаарына караштуу Тендик аймактык башкармалыгында жайгашкан “Центр” жана “Ийри Булун” насостук станцияларын Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансынан, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын ыкчам пайдалануусуна өткөрүп берүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун балансына өткөрүп берүүсүнө макулдук берүү тууралуу” маселе толук такталбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.

3.  Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

4.  Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр

шаардык депутаттар

кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев