ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы
2024-жылдын 25-январы №1
2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгашасынын аткарылышы жана 2024-жылга карата Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн бюджетин бекитүү жѳнүндѳ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын 2024-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүн бекитүү боюнча, Төрт-Күл айыл аймагынын ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айыл аймагынын бюджетинин кирешелер (№1 тиркеме) жана чыгашалар (№2 тиркеме, №3 тиркеме) бөлүмү боюнча 19693500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2024-жылдагы Республикалык бюджеттен алынуучу “Теӊдештирүүчү гранттын” өлчөмү 13 213 400 сом өлчөмүндө каралып жумшалсын, 2025-жылдын болжолдуу 13 213 400 сомго каралды.
3. Жергиликтүү кирешелердин өлчөмү 6 480 100 сом өлчөмүндө каралып жумшалсын.
4. “Атайын каражаттан” бала бакчага ата-энелерден түшүүчү кирешелердин өлчөмү 510,0 миӊ сом (4-тиркеме) өлчөмүндө каралып жумшалсын. 2025-жылга болжолдуу 510,0 мин сомго каралсын.
5. 2024-жылдын 1-январга калган 2 431 128,65 сом калдык акча каражаты № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Атайын счеттогу жалпы суммасы 222 336 сом 99 тыйын калдык акча каражаты №6 тиркемеге ылайык жумшалсын.
7. Жергиликтүү бюджеттин кассалык жүгүртүү өлчөмү 2024-жылдын 1-январына карата 50,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын айыл аймагынын ФЭБ башчысы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы У.Тѳлѳновго милдеттендирилсин.
Төрага У.Карыпбаев