Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы

2024-жылдын 25-январы №2

Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчисин ѳз арызынын негизинде жумуштан бошотуу жана жаӊы “Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчисин шайлоо жөнүндө

Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчиси Жусубалиева Тамара Исмаиловнанын 29.12.2023-жылы жазган арызынын негизинде, Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчисин шайлоо боюнча протоколун эске алып, Шабданов Азамат Тажыбековичтин келечектеги иш-планын угуп, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчиси Жусубалиева Тамара Исмаиловнанын 29.12.2023-жылы жазган арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулсун.

2. Шабданов Азамат Тажыбекович Тѳрт-Күл айыл аймагынын 2024-жыл 18-январь айындагы “Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчисин шайлоо боюнча протоколунун негизинде “Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчиси болуп 25-январь 2024-жылдан баштап дайындалсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.

Төрага У.Карыпбаев