ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы
2024-жылдын 25-январы №4
“Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёту жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, “Ырыскы-Суу” ИСКАКБнын ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А.Таранчиевдин таза суу боюнча маалыматын жана бюджети боюнча сунушун угуп, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун таза суу боюнча аткарган иштери канагаттандыраарлык деп кабыл алынсын.
2. Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун бюджети 2024-жылга 1149860 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун 2024-жылга бекитилген бюджети 1149860 сомдун аткарлышы, ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун жетекчиси А.Шабдановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага У.Карыпбаев