Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы

2024-жылдын 25-январы №6

Убактылуу муниципалдык менчикке ѳтүп кеткен Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жер участокторун тактоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн тургуну Кангелдиева Күлнар Кубулжановнанын арызынын негизинде айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Убактылуу муниципалдык менчикке ѳтүп кеткен Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жер участокторун тактоо боюнча комиссия түзүп, жыйынтыгында тиешелүү иш кагаздарды кеңештин кароосуна алып чыгуу айыл ѳкмѳткѳ жүктѳлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тѳлѳновго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Төрт-Күл айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер, өнөр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат көрсөтүү боюнча комиссиянын тѳргагасы С. Карымшаковго тапшырылсын.

 

Төрага У.Карыпбаев