Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы

2024-жылдын 25-январы №7

Мамлекеттик фондунун кайра бѳлүштүрүү жерлерин

ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине”   жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн  айыл чарба жана мал чарбасын кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча башкы адиси А.Ибраевдин сунушун угуп, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Мамлекеттик фондунун кайра бѳлүштүрүү жерлеринин ижара мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу тиешелүү сынактын негизинде кайрадан ижарага берүүгѳ макулдук берилсин.

 2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүү жагы Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы  Г.Садыровага тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тѳлѳновго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Төрт-Күл айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер, өнөр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат көрсөтүү боюнча комиссиянын тѳргагасы С. Карымшаковго тапшырылсын.

 

Төрага У.Карыпбаев