Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XVIII сессиясы

2024-жылдын 25-январы №8

Туура-Суу айылынын элинин талабы боюнча купка салуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” №123 мыйзамынын 27-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодекси жѳнүндѳ” жана 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” мыйзамынын 18-19-беренесин жетекчиликке алып, Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айыл башчысы А.Иманакуновдун маалыматын угуп, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Туура-Суу айылындагы “Бор-Дѳбѳ” участкасына купка салууга 0,25 га жер аянты трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Райондук комиссиянын кароосуна ѳткѳрүү жагы Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                             У.Карыпбаев