А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2024-жылдын 18-январы № 28/4
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жана 2025-2026- жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө
А.Масалиев айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – А.Мадумаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясынын чечимине негиз
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
- А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджети киреше булагы 32415,8 миң сомго жана чыгаша булагы 32415,8 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2025-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 34730,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 34730,6 миң сомго №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жыл үчүн негизги киреше булагы болжолу менен 36687,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 36687,6 миң сомго №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак-аш, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
5. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
6. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети 2024- жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |
А. Масалиев айылдык
кенешинин 2024 жылдын
18-январь токтомуна
№ 1 тиркеме
А. Масалиев айыл окмотунун 2024 - жылга кирешелери
Классификация Кирешенин аталышы Суммасы
11111100 Салык агенти толоочу киреше салыгы 11700,0
11122100 патент негизиндеги салык 538,2
11311200 2 - топтогу ишкердик ишин ишке ашыруу учун пайдаланылуучу кыймылсыз мулкко салык 66,2
11322100 Юридикалык жактардан транспорт каражаттарына салык 30,5
11312200 Жеке жактардын транспорт каражаттарына салык 1141,8
11321100 Короо жанындагы жана бакча -огород жер участкаларын пайдалануу учун жер салыгы 420,2