А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2024-жылдын 18-январы № 28/6
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылыныдагы скважинага кошумча суу топтоочу жайды кеңейтүүгө сунушталган долбоорго 2024-жылдын бюджетинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Галдыбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылыныдагы скважинага кошумча суу топтоочу жайды кеңейтүүгө сунушталган долбоорго 2024- жылдын бюджетинен 595 557 (беш жүз токсон беш миң беш жүз элүү жети) сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |