Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясынын

 

2024-жылдын 02-февралы №1

 

Момбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө

         

          Момбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы К.З. Абдыжапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 24-сессиясы токтом кылат:

          1.Момбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы К.З. Абдыжапаровдун маалыматы эске алынсын.

          2.Момбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

          3.Токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө  жагы  Момбеков   айылдык   кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

И Абдыразак  уулу