КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXХIII-сессиясы
2024-жылдын 6-февралы № 45
Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жылга иш планын бекитүү
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин жана Кара-Булак айылдык кеңешинин Регламентинин 8-бөлүмүнүн 8.1.1.пунктунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отурумунун корутундусунун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Кара-Булак айылдык кенеши токтом кылат:
- Кара-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
- Кара-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары иш планда көрсөтүлгөн тапшырмаларды өз убагында аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Касымовго тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |
БЕКИТИЛДИ
Кара-Булак айылдык кеңешинин
төрагасы: _________ К.Шакиров
2024-жылдын “____” ______
№ ___ токтому менен
Кара-Булак айылдык кенешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын
2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планы
№ |
Бюджет маселеси боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда карала турган маселенин аталышы |
Отурумду өткөрүү күнү | Каралып жаткан маселелер боюнча кыскача маалымат | Каралуучу маселенин жооптуу адамы (мекеменин уюмдун жетекчиси) | А/К туруктуу комиссиясы жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиянын бул маселе боюнча жооптуу мүчөсү | Жыйынтык | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 7-беренеси) |
1. | Айылдык кеңештин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын иши. |
Январь | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү маселе менен жетишээрлик таанышып чыгуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 1) аткаруучу органдын жана АӨ башчысынын ишин талкуулоо боюнча чогулуштарга, коомдук угууларга катышууга; 2) жыл ичинде аткарылган иштерге талдоо жасоо үчүн айыл өкмөттөн, ААнын чегинде жайгашкан уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан зарыл болгон материалдарды, маалыматты суратып алууга; 3) жерине барып, аткарылган иштер менен таанышууга; 4) аталган маселе менен толук таанышып чыгууга багытталган башка чараларды жүзөгө ашырууга; | А/Ө башчысы | Маселени бардык туруктуу комиссиялар карап чыгышат жана алардын корутундусу (АК төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталган) жооптуу туруктуу комиссияга жиберилет (эгерде туруктуу комиссиянын кошмо жыйналышы өткөрүлүп жатса, анда туруктуу комиссиянын бирдиктүү корутундусу даярдалат).
|
Каралып жаткан маселе боюнча материалдарды туруктуу комиссиянын жыйналышына даярдоо, корутундуну АКтын сессиясына даярдоо | Жарандардын, демилгелүү топтордун, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын аталган маселе боюнча коомдук угууларга, айылдык чогулуштарга, жыйындарга катышуусу.
|
2. |
Экономика- финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жыл үчүн иш планын түзүү. |
Январь |
Экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө.
|
Экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
| Маселе бардык туруктуу комиссиялар тарабынан каралат жана алардын корутундулары жооптуу туруктуу комиссияга (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталат) жөнөтүлөт (эгерде туруктуу комиссиянын кошмо жыйналышы өткөрүлсө, анда туруктуу комиссиянын кошмо жыйналышынын бирдиктүү корутундусу даярдалат). |
Каралып жаткан маселе боюнча материалдарды туруктуу комиссиянын жыйналышына даярдоо, корутундуну А/Ктин сессиясына даярдоо. |
Жарандардын, демилгелүү топтордун, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын аталган маселе боюнча коомдук угууларга, айылдык чогулуштарга, жыйындарга катышуусу.
|
3. |
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо бюнча программасынын аткарылышы тууралуу.А/Ө башчысынын отчету.
|
Январь
| Айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчысынын отчетун угуу. АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу.Айылдык кеңештин жооптуу, туруктуу комиссиясынын корутундусун,А/К депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен А/Ө башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу. |
А/Ө башчысы
| Бюджет жана экономика боюнча жооптуу туруктуу комиссия (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча сессияда туруктуу комиссиянын корутундусу тууралуу баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | 2023-жыл үчүн А/Ө башчынын отчетун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. | Жарандардын, БӨУнун, коомдук уюмдардын, бизнес коомчулугунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. |
4. | Өнүгүү программаларын жана пландарын, социалдык- экономикалык өнүгүү программасы иш-чаралар планын эсепке алуу менен 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча жарандардан түшкөн арыз,кайрылууларын жана такталган долбоорун карап чыгуу. |
Февраль | Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу: А/Ө башчысын (А/Ө нүн ФЭБ башчысын) А/Ктин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, - башка кызыкдар адамдардын Өнүгүү программаларын пландарын,социалдык экономикалык программасы, иш-чаралар планы эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет. |
А/Ө башчысы ФЭБ башчысы | Бюджет маселеси боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга,айыл-дык кеңештин сессияларына катышуусу, анализдөө жана баалоонун жыйынтыктары.
|
5. | Бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комитетке түшкөн арыз, кайрылууларды кароо. |
Дайыма көзөмөл-дөп туруу | Келген арыз, кайрылуулар боюнча маселе, туруктуу комиссия тарабынан каралат. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу жагы жана корутундусу А/К тин сессиясына сунушталат. |
Туруктуу комиссия-нын мүчөлөрү | Бюджет жана экономика маселелери боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча түшкөн арыз,кайрылуулар-ды окуп билдирүү жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
| Жарандардын башка кызыкдар адамдардын А/К тин сессияларына катышуусу . |
6. |
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү маселелерди карап чыгуу. |
Март |
Салык түрлөрүнө карай коэффиценттерин жана айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүндөгү маселелерди карап чыгуу |
Комиссия курамы, салык боюнча адистери |
Комиссия курамы | Каралып жаткан маселе боюнча материалдарды туруктуу комиссиянын жыйналышына даярдоо, АК сессиясынын кароосуна чыгарат | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын аталган маселе боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышына катышуусу. |
7. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу. |
Апрель | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча А/Ө даярдаган иш чаралар планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча А/ө башчысынын (орун басарынын) маалыматын угуу.Өзгөчө кырдаалдар үчүн жергиликтүү бюджетке каражатты караштыруу жана кошуу. | А/Ө башчысы (башчынын орун басары) | Бюджет жана экономика боюнча (өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Тийиштүү сунуштамалар-ды жана тапшырмалар-ды берип, айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУА нын Мамлекеттик реестрине кошуу. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга,чогулуштарга, жыйындарга А/К сессияларына катышуусу. |
8. | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу. | Июнь | АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын), калктуу конуштун ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу. Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу. Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү. | АӨ башчысы, транспорт-тук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчү-лөрдү ташыган юридикалык жактар. | Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | АК токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, АК сессияларына катышуусу. |
9. | 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету. -Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү. |
Июль | АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу 1-жарым жыл үчүн АӨ башчынын отчетун угуу. 1-жарым жыл үчүн АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. АКтын жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу. -Бекитилген бюджетке муктаждыктарга жараша өзгөртүү жана толуктоо киргизүү. |
А/Ө башчысы | Бюджет жана экономика маселелери боюнча (АК төрагасынын резолюциясы менен аныкталган) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун кабыл алуу, жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу, |
10 | Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу.
|
Август | Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу: - АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары), - тийиштүү мекемелердин жетекчилери; - АК туруктуу комиссиясынын төрагасы. Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо. |
АӨ башчысы (же АӨ башчысы-нын орун басары), мекемелер-дин жетекчи-лери | Бюджет жана экономика маселелери боюнча (муниципалдык менчик маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | А/К токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу. |
11 | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу.
|
Август | Коомду бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу: - АӨ башчысынан (АӨ, ФЭБ башчысынан), - АКтуруктуу комиссиясынын төрагасынан, - башка кызыкдар адамдардан Өнүгүү программаларын жана пландарын жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт. |
А/Ө башчысы ФЭБ башчысы | Бюджет жана экономика маселелри боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | А/К жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, А/К сессияларына катышуусу.
|
12 | Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн иштердин аткарылышын көзөмөлдөө. |
Дайыма көзөмөл-дөп туруу | Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү бюджеттин эсебинен аткарылып жаткан айыл аймактагы иштердин жалпы абалы менен жетишээрлик таанышып чыгуу жана көзөмөлдөп туруу. | Комиссия курамы. А/Ө башчысы (башчынын орун басары) ФЭБ жетекчиси. | Айылдык кеңештин төрагасы,туруктуу комиссиялардын төрагалары, А/К тин жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча А/К тин сессиясында билдирүү берет. | Каралып жаткан маселе боюнча материалдарды туруктуу комиссиянын жыйналышына даярдоо, корутундуну А/Ктин сессиясына даярдоо. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу. |
13 | 2024-жылдын жыйынтыгы менен Кара-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө. |
Декабрь | 2024-жылдын жыйынтыгы менен айыл аймактагы иштердин жалпы абалы,жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу А/Ө башчысынын жана ФЭБ башчысынын отчетун угуу. |
А/Ө башчыс, ФЭБ башчысы. |
Комиссия курамы | Каралып жаткан маселе боюнча материалдарды туруктуу комиссиянын жыйналышына даярдоо, А/К тин сессиясы-нын кароосуна чыгарат. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын аталган маселе боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышына катышуусу. |