Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXХIII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-февралы № 46

Кара-Булак айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 16-октябрындагы №102 токтомунун 2-тиркемесине ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Кожомжарова чыгарылып, анын ордуна депутаттык мандат алган З.Козубаева комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кенештин төрагасынын орун басары С.Касымовго тапшырылсын.   

  Төрага

К.Шакиров