Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин XIII чакырылыштагы

 кезектеги XXXII сессиясы

 

2024-жылдын 09-февралы № 225/32-8

 

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 8,1 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 39-беренесине ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (№1, 2, 3, 4, 5- тиркемелер тиркелет).

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К.Джаныбеков

 

 

БЕКИТЕМИН

Депутаттардын Талас шаардык

кеңешинин «___» ______2024-ж

№________  Токтомуна тиркеме

Төрага_________К.Джаныбеков

 

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2024-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

Тиркеме-1

№

Каралуучу маселелер

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруу орг.жооптуулар

Жооптуу туруктуу комиссиялар

Чечим

 

I.Талас шаардык кеңешинин сеcсияларында каралуучу маселелер

1

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Iкв

 

Талас шаардык кенеши;

Туруктуу комиссиялар

Токтом

2

Талас шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө.

 

I кв

Талас шаарынын мэриясы;

 

Талас каржы башкармалыгы;

 

Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;

 

Токтом

3

Талас шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

I кв

Талас шаарынын мэриясы;

 

Талас каржы башкармалыгы;

 

Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы;

Токтом

4

2023-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

I кв.

Талас шаарынын мэриясы;

 

Талас каржы башкармалыгы;

 

Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

Токтом

5

Ар кандай маселелер

I кв.

 

Депутаттардын Талас шаардык кенеши

Токтом/ тескеме

1

Талас шаардык Балдарга билим берүү борбору жөнүндө

II кв

Талас шаарынын мэриясы;

 

ДОЦтун жетекчиси

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы;

Тескеме

2

Талас шаарындагы Талас район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун жана Талас райондук  ветеринардык башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө

II кв

Талас шаарынын мэриясы;

Тиешелүү мекемелердин жетекчилери

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

Тескеме

4

Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектептеринин жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө

II кв.

Талас шаарынын мэриясы;

Спорт мектептеринин жетекчилери

Жаштар иштери жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы

Тескеме

5

Ар кандай маселелер

II кв.

 

Депутаттардын Талас шаардык кенеши

Токтом/ тескеме

1

Талас шаарынын социалдык -экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү программасынын  2024-жылдын 6 айында аткарган иш аракеттери жөнүндө отчету

III кв

 

Талас шаарынын мэриясы;

Шаардын мекеме уюм, ишканалары

 

Туруктуу комиссиялар

Токтом

2

Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 6 айынын  аткарылышы жана кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын тактоо жөнүндө

III кв

 

Талас шаарынын мэриясы;

 

Талас каржы башкармалыгы;

 

Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы

Токтом

3

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки жана мектептер боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө

III кв

 

Талас шаарынын  мэриясы;

 

Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы;

Тескеме

 

4

Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо, Талас шаардык электр тармактар ишканаларынын жана Талас шаардык билим берүү тармагынын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары жөнүндө

 

III кв

 

Талас шаарынын мэриясы;

 

Тиешелүү мекемелердин жетекчилери

 

Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы;

Токтом

5

Талас шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол белгилери жөнүндө

III кв

 

Талас шаарынын жол кыймылынын коопсуздук бөлүмү;

Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы

Өнөр-жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы

 

Токтом

6

Ар кандай маселелер

III кв

 

 

Депутаттардын Талас шаардык кенеши

Токтом/ тескеме

2

“Талас жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө

IV кв

Талас шаарынын вице мэри;

 

“Талас жашыл чарба” МИнын жетекчиси

Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы;

Тескеме

3

Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарында жолдордун курулуш нормаларынын сакталышы жөнүндө

IV кв

Талас шаарынын  вице мэри;

 

Ишкананын жетекчиси

Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы;

Тескеме

4

Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө

IV кв

Талас шаарынын вице мэри;

 

Ишкананын жетекчиси

Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы;

Тескеме

5

Талас шаардык “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө

IV кв

Талас шаарынын  вице мэри;

 

Ишкананын жетекчиси

Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы

Тескеме

6

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылда аткарган иштери жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча туруктуу комиссиялардын  отчеттору

 

IV кв

Талас шаардык кенеши;

 

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин туруктуу комиссиялары

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары

Тескеме

7

Ар кандай маселелер

IV кв

 

 

Талас шаардык кенеши

Токтом/ тескеме

II.  Шаардык кенештин аппаратынын милдеттери

1

Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү жана ага карата иш кагаздарын өз убагында камсыз кылуу жана жоболоштуруу

Дайыма

 

Шаардык кеңештин аппараты

 

2

Шаар тургундарынан келген каттар, арыздар, кайрылуу, өтүнүчтөр  менен иштөө

Дайыма

 

Шаардык кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар

 

 

III. Талас шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары менен иштөө

1

Туруктуу комиссияларды, депутаттарды   КР Президентинин Жарлыктары, КРнын Мыйзамдары жана Министрлер кабинетинин токтом, жоболору менен камсыз кылуу

Дайыма

 

Шаардык кеңештин аппараты,

 

2

Сессияларда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдүккө  алуу

Жыл ичинде

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары

 

3

Талас шаарынын депутаттарынын республиканын башка шаарларынын жергиликтүү кенештери менен тажрыйба алмашуу иш чаралары

Жыл ичинде

Депутаттардын Талас шаардык кенеши

 

4

Талас шаарынын депутаттарынын шайлоочулар  менен жолугушууларын уюштуруу

Жыл аягында

Депутаттардын Талас шаардык кенеши