Редакцияот 16.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 16-декабры № 6

Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын У.Узбеков жана Бекиш-Ата көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна акча каражатын ажыратуу жөнүндө

 Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын У.Узбеков жана Бекиш-Ата көчөсүнө асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 284 607 (бир миллион эки жүз сексен төрт миң алты жүз жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2. Каражатты ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

3.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бекибаевге жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Н. Мадалиев