Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 5

 

Жайыт комитетинин 2023-жылы аткарылган иштери жана

2024-жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ

 

Жайыт комитетинин маалыматын угуп, кайрылууларын карап, депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жайыттын комитетинин 2023-жыл ичинде жасалган иштери боюнча маалыматы “канааттандырарлык” деп табылсын. 

2. Жайыт комитетинин 2024-жылга бюджети 180 000 (бир жүз сексен миң) сом болуп бекитилсин.

 3. Караколдун күңгѳйүндѳгү кыштоо корук жайытына 2024-жылдын 1-январынан баштап жайыт мыйзамына ылайык, кышкы жайыт тѳлѳмү киргизилсин.  

4. Жайкысын кышкы жайыт талаасы корук болгондуктан, кѳпүрѳгѳ коюлган тосмону талкалап, ѳтүп кеткен малчыга 30 000 (отуз миң) сом айып пул салынсын.  

5. Административдик аймактык реформа (АТР) боюнча аймактар кошулганда, Үч-Эмчек айылына тиешелүү аймактык жайыттар, Каракол жайлоосундагы жайыты ѳз кароосунда, колдонулуусунда калтырылсын.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев