Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы №7

 

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын 2023-жылдагы жылдык отчетун кароо жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мизам уулу Бактиярдын 2023-жылында аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын токтом кылат:

 

1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Мизам уулу  Бактиярдын 2023-жылында  аткарган иштери көңүлгө алынсын.

 

2. Ушул токтомдун негизинде Мизам уулу Бактиярдын тийиштүү иш-чараларды өз убагында аткаруусуна көзөмөл жүргүзүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

 

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин

финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына

тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

К.Халматов