Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 6

 

Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жыл ичинде аткарылган иштери жана финансылык отчету жѳнүндѳ

 

Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловдун, каржы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын м.у.а. Ж.Н.Кѳкталованын маалыматын угуп, Кууганды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловдун 2023-жыл ичинде жасаган жумуштары боюнча отчету “канааттандарарлык” деп табылсын.

2. Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн каржы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын м.у.а. Ж.Н.Кѳкталованын отчету “канааттандарарлык” деп табылсын.

3. Аймактагы жарыктандырууларды оңдоо, Арканы, панолорду жаңыртып жаздыруу, клубдун стулдарын оңдоо боюнча иштер 2023-жылы башталып, бүтѳ элек болгондуктан, Аймактык административдик реформа башталгыча 2024-жылдын 1-апрелине чейин бүткѳрүү жагы Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.

4. Жогорудагы аталган, аймактагы жарыктандырууларды оңдоо, Арканы, панолорду жаңыртып жаздыруу, клубдун стулдарын оңдоо боюнча иштер бүткѳрүлбѳсѳ, тиешелүү органдарга кайрылып, мыйзам чегинде чара колдонулары Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловго эскертилсин.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев