КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын
2024-жылдын 1-февралы № 7
Кууганды айыл аймагында 2024-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кууганды айыл аймагында 2024-жылдын бюджетин бекитүү максатында Кууганды айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 9964.6 миң. сомго жана чыгаша бөлүгү 9964.6миң.сомго бекитилсин.
2. Кууганды айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык, киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Кууганды айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык, чыгаша булактардан турары аныкталсын.
4. Кууганды айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинин накталай кассалык жүгүртүү каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде бекитилсин.
5. Кууганды айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинин жайыт комитетине түшө турган каражат 180,0 миң. сом болуп бекитилип, төлөө өлчөмү №4 тиркемеге ылайык аныкталсын.
6. Кууганды айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн жалпы өлчөмү №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. 2024-жылга карата Кууганды айыл аймагынын бюджетинин жалпы көлөмүнүн 1% нен резервдик фонд түзүлсун. Резервдик фонддун өлчөмү №6 тиркемеге ылайык аныкталсын.
8. Кууганды айыл кеңешинин 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору №7 тиркемеге (росписке) ылайык бекитилсин. 2025-жылга бюджеттин долбоору 10258,6 миң. сом, 2026-жылга бюджеттин долбоору 10624,5 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. 2024-жылдын бюджетин бекитүүдө ыктыярдуу патент салыгы, айыл аймактагы аныкталган соода түйүндөрүнүн санына жараша, 168,3 миң.сом түшүүчү каражат республикалык бюджетке которулуп жаткандыгына байланыштуу, бюджет жыл ичинде өзгөрүүсү мүмкүн.
10. Кууганды айыл өкмөтүндөгү “Нур желеси” атындагы бала бакчаны кошумча каржылоо ата-энелердин төлөмдөрүнөн чогулган акча каражат атайын счетко төгүлүп (спец. счет )чыгымдалсын, ал №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. 2024-жылдын бюджетин бекитүүдө, айыл чарба техникаларынан алынуучу аренда акы, 2024-жылга түзүлгөн келишимдин негизинде бир жылга киреше 215.0 миң.сом деп табылып, бекитилсин.
12. 2024-жылга Кууганды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын божомолу бекитилсин.
13. 2023-жылдын бюджетинен калган 1060,0 миң.сом эркин каражат төмөндөгү Тиркеме 9 ылайык бөлүмдөргө бөлүнүп, жумшалсын.
14. Айыл аймактагы социалдык коргоого муктаж болгон адамдарга Улуу Ата-Мекен, авган,баткен согушунун катышуучуларына, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, энелерге, карыяларга,ДМЧ адамдарга, балдарга жардам көрсөтүү жана сыйлоо “Социалдык коргоо” бөлүмү аркылуу жүргүзүлсүн.
15. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн чыңдоо максатында төмөндөгүдөй салыктардын жыйындары киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
16. Жергиликтүү салыктар а) юридикалык тараптардан алынуучу салык, сугат жерлерге -400 сом, кайракы жерлерге-52.50 сом, көп жылдык бак дарактарга-164 сом,шалбаа жерлерге-11.0 сом, жайыт жерлерге-4.80 сом өлчөмүндө белгиленсин.
б)короо-сарай, соода түйүнү жана өздөштүрүгө берилген жерлерден алынуучу салык, салык кодексинин негизинде салык төлөө жана өндүрүү айыл өкмөттүн салык кызматкерине милдеттендирилсин.
в)физикалык тараптардан алынуучу салык 1га жерге 1000 сом өлчөмүндө беки- тилсин,
с)айыл чарба эмес жерлерден алынуучу салык,салык кодексинин 33-статьясына ылайык бекитилсин.
17. Мулк салыгы КР салык кодексинин негизинде бекитилсин.
18. Кыймылдуу мүлккө салык КР 197- беренесинин негизинде алынып, салыктын бул түрүн автотранспорттордун жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар төлөөчү болуп эсептелинет. Салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР салык кодексинин 198-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
19. Жалпы мамлекеттик салык,ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык КР салык кодексинин негизинде бекитилсин.
20. Салык эмес кирешелер, муниципалдык менчиктеги техникалардан жана КБФ жерлеринен алынуучу ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде алынсын.
21. Кууганды айыл аймагынын мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда, бир бөлумдөн экинчи бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу жагы, КР бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык 5% ченден ашпай жүргүзүлсүн.
22. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөл жүргүзүү жагы Кууганды айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.