Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы №40

Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү КБФнун жана муниципалдык менчиктин ижара акысын бекитүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнун жана муниципалдык менчиктин 0,01га жер тилкесинин ижара акысынын баштапкы суммасы 120(бир жүз жыйырма) сом болуп бекилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

К.Халматов