АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 25-январы №41
Ак-Сай айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү өзгөргөнүнө байланыштуу Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айылдык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларына өзгөртүүлөр киргизилсин:
· Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы Марданаев Кадыр Шайдуллаевич өз арызынын негизинде мандатын тапшырганына байланыштуу анын ордуна Абдисаттар уулу Бекжан төрага болуп шайлансын.
· Өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча комиссиясынын мүчөсү Азимов Залкарбек Абдинабиевич Ак-Сай айыл өкмөтүнө кызматка орношкондугуна байланыштуу анын ордуна Назаров Акылбек мүчө болуп шайлансын:
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Исаковага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
К.Халматов |