АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 25-январы №42
Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү мурда колдонуп келген жайыт жерлердин баасын бекитүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Акылбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн мурдатан бери пайдаланып жүргөн жайыт жерлеринин минималдык баасы 0,01га жер тилкесине 120(бир жүз жыйырма) сом деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Акылбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын
Айылдык кеңештин төрагасы: |
К.Халматов |