Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы №43

 

 

     Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылга жылдык планын,  жайытка чыгуу жана жайыт акысын бекитүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Акылбековдун иш планын угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жылдык планы 310 000 (үч жүз он миң) сом болуп бекитилсин.

 

2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында мал көчүү жакынкы жайыттырга 1-апрелден 1-июнга чейин, алыскы жайыттырга 10-майдан 10-июнга чейин көчүүгө макулдук берилсин.

3. Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын бир жылдык жайыт пулу жана жайыт акысын жыйноо төмөнкүдөй  белгиленсин.

·       Уй – 120сом

·       Музоо – 60сом

·       Жылкы – 200сом

·       Топоз – 200сом

·       Кой,эчки – 200сом

        Башка айыл өкмөттөн келген жайыт пайдалануучуларга

·       Уй- 150сом

·       Музоо – 75сом

·       Кой,эчки – 50сом

·       Түтүн пулу – 500сом

       Айыл аймагынын жайытында 10 күндөн ашык отурган жарандарга акы төлөө жагы         

       милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Акылбековго жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

К.Халматов