КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын
2024-жылдын 1-февралы № 15
Кууганды айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш планын
бекитүү жѳнүндѳ
Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын Кууганды айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш планы бекитилсин. (1-тиркеме)
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ѳзүмѳ калтырылсын.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |
|
| 1-тиркеме |
Кууганды айылдык Кенешинин 2024-жылга
түзүлгөн иш планы
№ | Аткарылуучу иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
1 | Депутаттардын Кууганды айылдык кенешинин 2024- жылга карата иш - планын түзүү жана бекитүү | Январь айы | Айылдык кенештин депутаттары |
2 | Кууганды айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин 2023- жылга отчетун угуу, иш планын кароо. | Январь айы | Айыл өкмөт башчысы |
3 | Айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин бюджетин 2024-жылга бекитүү. (Коомдук уугуулар боюнча) | Январь айы | Депутаттар, айыл ѳкмѳтү |
4 | Таза Суунун ишин кароо. отчетун угуп, бюджетин бекитүү. | Февраль айы | Айыл өкмөтү Депутаттар |
5 | Муниципалдык техникалардын ишин карап, көзөмөлдөө жана аренда акысын бекитүү. | Февраль айы | Айыл өкмөтү Депутаттар |
6 | КААБ (аксакалдар кенгеши, аялдар комитети, жаштар комитети, аксакалдар соту) курамы, иш планы менен таанышуу | Февраль айы | Айыл өкмөтү Депутаттар |
7 | Жайытка чыккан малдын жана айдап себүүгө техникалардын элдик чогулушта чыккан наркын бекитүү. | Март Апрель, айлары | Депутаттар, Туруктуу комиссиялар |
8 | Соц объектилердин абалын кароо. Маданият үйү, ФАП, Айыл өкмөтүнүн имараты жана бала бакча. | Март, Апрель, айлары | Туруктуу комиссиялар |
9 | "Тѳш-Булак" лотогу, ирригация, Кууганды БСРи боюнча иш алып баруу. Түнкү жарыктандырууларды ондоо, Накай, Бактагүл, Саалыкул, Жаныкул кѳчѳлѳрүнѳ электр карагайларын чубалгылары менен орнотуу.чубалгылары менен орнотууну кѳзѳмѳлдѳѳ | Март айы | Депутаттар, Туруктуу комиссиялар
|
10 | Квартал сайын кеминде бирден кем эмес сессия өткөрүү, себепсиз келбеген депутаттардын тартибин мыйзам чегинде кароо. Айыл лидерлери менен ачык сессия өткөрүү. | Квартал сайын | Айылдык кенештин тѳрагасы |
11 | Айыл өкмөтүнүн бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн, отчетун сметалык негизде сессияда кароо. | 6 айда бир жолу | Сессияларда кароо |
12 | Айыл тургундарынан келип тушкѳн арыздарды жана даттанууларды кароо. | Сессия сайын | Айыл өкмөтү Депутатгар |
13 | К.Каимов орто мектебинин, “Нур желеси” балдар бакчасынын чарбалык абалын кароо. | Квартал сайын | Туруктуу Комиссиялар |
14 | Кууганды айылдык кенешинин бир жылдык иш планын аткарылышы боюнча эл алдында отчет берүү. | Декабрь айы | Айылдык кенешинин тѳрагасы |
Кууганды айылдык кеңешинин катчысы: |
| Р.К.Муратова |