Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 31-январындагы № 1843-VII

 

 “2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу” долбоору үчүн экономикалык өнүктүрүү максатында Кызматташуу фондунан насыя боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу” боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ортосундагы Насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 10-ноябрындагы чыг. № 18-9442) “2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу” долбоору үчүн экономикалык өнүктүрүү максатында Кызматташуу фондунан насыя боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу” боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ортосундагы Насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

 

Төрага  

 

Н.Т. Шакиев