СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2024-жылдын 02-февралы №18-3
Сумсар айыл Өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык экономикалык өнүгүү иш-планын бекитүү жөнүндө
Сумсар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясыСумсар айыл Өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Сумсар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл Өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык экономикалык өнүгүү иш-планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айыл Өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www/chatkal.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |