ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын
2024-жылдын 19-январы №21-2
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча отчётун жана 2024-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 46-47-беренелерине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын “Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылышы тууралуу отчётун кабыл алуу жөнүндөгү” жана “2024-жылга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын кабыл алуу жөнүндөгү” корутундуларын угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1..Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктурүү планынын аткарылышы тууралуу отчёту “канаатандырарлык” деп кабыл алынсын.
2.2024-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы № 1 тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин социалдык, жаштар жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго тапшырылсын.
Төрага: | К. Мураталиев |
Тиркеме №1 Жерге-Тал айыдык кеңешинин 2024-жылдагы 19-январындагы №21-2 токтому менен бекитилген |
Аксы районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы.
№ | Милдеттер | Иш-чаралар
| Индикатор/күтүлүүчү натыйжа, каржы булактар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарылышы тууралуу маалымат
| |
| ||||||
1.1 | Айыл аймагынын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу |
1.1.1 Айыл аймагынын ички дүң продукциясынын өсүшүн камсыздоо |
Өнөр жайы ФКИ-1,0 % Айыл чарба өсүү темпи-1,0% Рыноктук кызмат көрсөтүү өсүү темпи-3,0% |
2024-жыл |
| |
1.1.2 Салык базасын кеңейтүү жана салыктык төлөмдөрдүн толук кандуу түшүүсүн камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу. Салык төлөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; -Салык төлөөчүлөрдү толугу менен салык кызматынын каттоосуна алуу; -кошумча салык базаларын түзүү (жаңы ишканаларды ачуу); -ККМ аппараттарын орнотууну улантуу | Салык төлөөчүлөрдүн мурунку жылдардын карыздарын өндүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүдөн түшкөн салыктардан жергиликтүү бюджеттин көлөмү көбөйөт.
| 2024-жыл |
| |||
2. Өнөр жай тармагын өнүктүрүү | ||||||
1.1 | Кайра иштетүү тармагын заманбап технологиялар менен камсыздоо үчүн айыл аймагыбызга жогорку чыңалуудагы электр тогу менен камсыздоо | Жерге –Тал айыл аймагына подстанция куруу | Айыл аймагыбызга подстанция куруу менен айыл аймагыбыздын экологиялык абалы жакшырат, кайра иштетүү жагы от тармагына өткөрүлөт | 2024-2025-жыл |
|
|
Кайналы кургатуучу жеке цехтерди заманбап технологиялар менен жабдууну уюштуруу | 2023-жыл ичинде 519,9 тонна ( 83 184,0 миң сомдук) кайналы как кургаткан 120 кичицехтин 18 цехин жеке ишкер Дозалиев Абдыкадырдын технологиясын жайылтууну уюштуруу менен сапаттуу кургатылган кайналынын көлөмү өсүп, киреше булагы 20%ке (99 820,0 миң сомго) жогорулайт. | 2-3-квартал 2024-жыл |
| |||
| ||||||
1.2 | Жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү | Кичи тигүү цехтердин ачылышына көмөктөшүү | Жөлөк пулга муктаж болгон мамлекеттик 100 миңдик кайтарымсыз кредиттерди берүү менен 6 кичи тигүү цехи ачылып, 18 жумушчу орун ачылат. | 2024-жыл 4-квартал |
| |
2. Социалдык жактан коргоо
|
| |||||
2.1 |
Айыл аймактын аярлуу катмарындагы кожолуктарга колдоо көрсөтүү | Турмуш шарты оор үй-бүлө мүчөлөрүн убактылуу жумуш орду менен камсыздоо | ВППООН дун “Азык-түлүк программасы” менен аярлуу катмардагы адамдар сезондук жумуш менен камсыздалып үй-бүлөлүк кирешеси көбөйөт | 3-квартал 2024жыл |
|
|
| ||||||
| ||||||
3. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү
|
| |||||
3.1. | Айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу | Айыл чарба багытындагы бош калган жерлерди толугу менен иштетүүгө жетишүү, сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо | 2023-жылда бош калган 10 га жер аянтын толугу менен иштетип, айыл чарба продукциясын өндүрүү 2% ке көтөрүлөт. 15 тоннага чейин сапатту үрөн менен камсыздоо уюштурулат. | 2-квартал 2024-жыл |
| |
Кооперативдерди уюштурууга укуктук жардам берүү | Кожогат өстүрүү боюнча жаңы 1 кооператив ( мүчөлөрү 25 киши) уюштурулат. | 2-3-квартал 2024-жыл |
|
| ||
Багбанчылык тармактын өнүгүшүнө шарт түзүү |
| |||||
Жарандарды багбанчылык боюнча жаңы технологияларды үйрөтүүнү уюштуруу | Жаңы сорттогу кожогатты, кулпунайды, гиласты, алманы,кайналыны өстүрүү технологияларын үйрөтүү боюнча 54 дыйканга семинар өткөрүлөт. | 2-3-квартал 2024-жыл |
|
| ||
Тамчылатып сугаруу технологиясын жайылтуу | Жеке ишкер Дозалиев Тургуналы, Жээнкулов Улан,Атамырзаев Замир, Шакиев Сапарбек, Шамырзаев Бегалы, Батырбеков Бекболот тарабынан 18 га жер аянтына кожогат отургузулуп, жалпы сметалык баасы 262000 сомдук тамчылатып суугаруу системасы орнотулат. | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
| ||
4. Ирригация тармагын өнүктүрүү |
| |||||
4.1
| Айыл чарба багытындагы жер аянттарын үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо |
| ||||
| ||||||
Суткалык режимдеги суу топтоочу курулма (БСР) курууну баштоо | Миң-Булак таза суусунан ашкан сууну суугат суу үчүн пайдалануу максатында суу топтоону куруп, топтолгон сууну суугат суу такыр жок болгон Аксай маалесиндеги 70-80 кожолук сугат суу менен камсыздалат. Жалпы бюджети-6 млн. сом Каржы булагы- өнүктүрүү фонддор | Жыл ичинде |
|
| ||
5. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү
|
| |||||
5.1 | Калкты таза суу менен камсыздоо | Кызыл-Капчыгай айылына таза суу системасын курууну баштоо | 225 кожолук 1345 адам таза суу менен камсыздалып, санитардык абалы жакшырат. Жалпы сметалык баасы-60 млн. сом Каржы булагы- Ислам өнүктүрүү банкы | 2024-2025-жылдар аралыгы | . |
|
| ||||||
6. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну жакшыртуу
|
| |||||
6.1
| Селканалардан өтүүчү көпүрө куруу | Аксай селканасынын мазарга автоунаа өтүүчү көпүрө куруу | Узундугу 6 м, туурасы 4 м болгон көпүрө курулат. Жалпы сметалык баасы-391 000 сом. Каржы булагы-жергиликтүү бюджет, ВППООН,ӨКМ. | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
|
| ||||||
| ||||||
7. Айыл аймагынын коммуналдык инфраструктурасын жакшыртуу
|
| |||||
7.1 7.1 | Таштанды ташып чыгарууну уюштуруу |
| ||||
2 га таштанды полигонун короолоо жана Беккер чуңкурчасын куруу | Айылдын санитардык инфраструктурасы жакшырат. Жалпы сметалык баасы-6587313 сом. Каы булагы- Аксы райондук өнүктүрүү фонду | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
| ||
Таштанды ташып чыгаруучу техника сатып алуу | Айыл аймагындагы 1444 кожолуктун таштандысын ташып чыгаруу боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү уюштурулат. Жалпы сметалык баасы-4100,0 сом Каржы булагы- Республикалык жаратылыш өнүктүрүү фонду | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
| ||
7.2 | Жалпы пайдалануудагы жолдорду жакшыртуу | Ч.Багышбеков көчөсүнүн бир тарабына тротуар курууну баштоо | Кербен-Кызыл-Капчыгай автотрассасынын жээгиндеги 1,5 км аралыкка тротуар курулуп, жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүгө ынгайлуулук жаралат жана жол кырсыктары азаят. Жалпы сметалык баасы- 3000,0 сом Каржы булагы-Жалал-Абад өнүктүрүү фонду | 3-4-квартал 2024-жыл |
| |
| ||||||
Ички чарбалык жолдорду шагылдоо жана труба орнотуу. | Кызыл-Капчыгай айылынын 500 метр жолу тегизделип,шагыл төшөлөт. 6 метрден 3 арыкка труба жаткырылат Каржы булагы -жергиликтүү бюджет | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
| ||
А.Субанов жана А.Канаев көчөсүн асфальттоо | Ички чарбалык жолдун калган 1100 метрин асфальттанат. Каржы булагы-стим грант, жергиликтүү бюджет. | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
| ||
Кербен-Кызыл-Капчыгай автожолунун 1 км аралыгын асфальттоо | Мамлекеттик маанидеги 1 км жол асфальттанат. Жалпы сметалык баасы-8000,0 сом. Каржы булагы- республикалык бюджет | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
| ||
7.3 | Жаңы конуштарды электрлештирүү | Электр мамыларын алуу Электр чубалгыларын тартуу | Жаңы конуштарга 25 электр мамы орнотулуп, 4000 метр чубалгы тартылат. Жалпы сметалык баасы-400,0 сом. Каржы булагы- жергиликтүү бюджет,элдик салым, Аксы РЭС | 3-4-квартал 2024-жыл |
|
|
8. Маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү
|
| |||||
8.1
| Маданият тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүү | Жерге-Тал айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүнү баштоо | Эски типтеги айылдык маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Жалпы сметалык баасы-6000,0 сом. Каржы булагы- жергиликтүү бюджет, стим грант | 4-квартал 2024-жыл |
|
|
8.2 | Спорт тармагынын өнүгүшүнө шарт түзүү | Кызыл-Капчыгай жана Боспиек айылдарына жалпы пайдалануудагы кичи футбол аянтчасын куруу | Кызыл-Капчыгай жана Боспиек айылынын жаштарынын бош убактыларын пайдалуу пайдалануусуна шарт түзүлөт.
| 4-квартал 2024-жыл |
|
|
| ||||||
| Айылдык китепкананын ишин өнүктүрүү | -электрондук каталогдору түзүү; -жаштардын китеп окуусун арттыруу максатында электрондук китеп менен камсыздоо; -заманбап компьютердик жабдыктар менен жабдуу;
| Заманбап технологиялар менен айылдык китепкана 1 электрондук китеп, 1 ноутбук, 1 принтер менен жабдылат. Окурмандын санын көбөйтүп, окуучулар китеп окууну сүйүүгө тарбияланат | 3-4-квартал 2024-жыл |
| |
9.Билим берүү тармагына шарт түзүү
|
| |||||
9.1 | Мектеп, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо | А.Эрматов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын көмүр менен жылытууга өткөрүү
| Көмүркана жана отказандар курулат. Жалпы сметалык баасы-3500,0 сом. Каржы булагы- Аксы райондук өнүктүрүү фонду | 3-4-квартал |
|
|
| ||||||
Жерге-Тал айылына 2-бала бакча куруу иштерин улантуу жана ишке берүү | 75 орундуу жаңы бала бакча курулат. Жалпы сметалык баасы-30000,0 сом. Каржы булагы- республикалык бюджет | 2024-жыл 1-2-квартал |
|
| ||
9.2 | Билим сапатынын жогорулашына өбөлгө түзүү | -билим сапатын жогорулатууга дем берүүнү уюштуруу; -предметтик ийримдердин иштешине шарт түзүү; | Областтык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө жана “Алтын сертификат” алган ж.б. ийгиликтерге жеткен окуучуларга, бул ийгиликтерге жеткирген мугалимдерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйакылар уюштурулуп, билим сапатын 2% Таланттуу жаш кадрлардын ишти таштап кетип калбашы үчүн, материалдык колдоолор көрсөтүлөт. | Жыл ичинде |
|
|
10. Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү |
| |||||
10.1 | Жере-Тал айылына ГСВ куруу | Айыл аймагыбыздын тургундары үчүн медициналык тейлөө жактан заман талабына жооп берген имарат курулат | Айыл аймагыбыздын тургундарына дени сак жашоо үчүн жакшы, ыңгайлуу шарттар түзүлөт Жалпы сметалык баасы- 10 000,0 Каржы булагы- донор | 2024-2025-жыл |
| |
10.2 | Ымыркайлардын өлүмүн болтурбоо, алдын алуу | -энелерге өз убагында кеп-кеңеш берүү семинарларын уюштуруу; -кош бойлуулардын өз убагында эсепке алынышына көзөмөл жүргүзүү; -аз кандуу энелердин ден-соолугуна кам көрүү максатында материалдык жардам көрсөтүү; | Жыл ичинде ымыркайлардын өлүмүнүн болбошун алдын алуу болот. | Жыл ичинде |
| |
10.3 | Кадрларды ишке тартуу | -жогорку билимдүү дарыгерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -жаш кадрлардын айыл аймагына келип иштөөсүнө шарт түзүү; -мектеп бүтүрүүчүлөрү менен дарыгерлик кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү; | Айыл аймагындагы медицина мекемелеринде жетишпеген 2 врачтык орунга кадрлардын келүүсүнө шарт түзүлөт. | Айыл өкмөтү |
|
|
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы: | З.Көпөева |