ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын
2024-жылдын 19-январы №21-4
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылга муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестрин бекитүү жөнүндө сунушун жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 17-январындагы отурумунун корутундусун карап жана талкуулап сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ар бир муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түрү боюнча паспортторду даярдоо жана кызматты паспортто көрсөтүлгөндөй шарттар боюнча аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | К. Мураталиев |
Тиркеме №1 Жерге-Тал айылдык кенешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри.
№ | ЖӨБ органынын аталышы | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Акысыз/ акылуу | Стандарт бекитилген токтомдун № |
1 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | УАМС катышуучуларына жана Авган, Баткен,Тажик-Авган, Аксы окуяларынын катышуучуларына даталуу күндөрүнө карата берилүүчү сыйлык акчалары менен камсыздоо.
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
2 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | Даталуу күндөрдү белгилөө жана кесиптик тармактардагы кызматкерлерин сыйлоо
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
3 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | Кургак учук менен ооруган жарандарга дарыланууга барганда сапар чыгымдары менен камсыздоо
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
4 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | ВИЧ-СПИД илдетинен жабыркаган жарандардын балдарына бир жашка чыкканга чейин тамак-аш азыктары менен камсыздоо.
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
5 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | Аз камсыз болгон жана ДМЧА ды күз-кыш мезгилине карата көмүр отун менен камсыздоо
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
6 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | Окуучуларды обласстык жана республикалык олимпиадаларга барууга сапар чыгымын төлөп берүү, “Үлгүлүү класс” конкурсунун жеңүүчүлөрүн КР тарыхый жерлерине эс алууга алып баруу.
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
7 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | Аз камсыз, багар көрөрү жок жарандарга бир жолку кайтарымсыз материалдык жардам берүү
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
8 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | Спорттун түрлөрү боюнча чемпионаттарга барган спортчуларга сапар чыгымын төлөп берүү жана сый акылар менен сыйлоо
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |
9 | Жерге-Тал айыл өкмөтү | Мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын спорттук мелдештерге катышуусуна акчалай жардамдарды берүү 3-декабрь майыптар күнүнө карата даректүү материалдык жардам көрсөтүү
| Акысыз | Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы № 21-4 токтому менен бекитилген |