Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын

 

2024-жылдын 19-январы №21-6

 

Эрмамат Даникулов атындагы № 24 Кызыл-Капчыгай жалпы орто билим берүүчү мектебинин спорт залын муниципалдык баланска тартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1. Кызыл-Капчыгай айылындагы Эрмамат Даникулов атындагы № 24 Кызыл-Капчыгай жалпы орто билим берүүчү мектебинин спорт залын муниципиалдык баланска 14389601,0 (он төрт миллион үч жүз сексен тогуз миң алты жүз бир) сом менен алуу жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.

2. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин бюджет жана каржы маселери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Турабековго тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 К. Мураталиев