Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

  Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз  сессиясы

2024-жылдын 1-февралы №28-36/1

Пржевальский атн. кѳчѳсʏн Манас атн. кѳчѳсʏ деп ѳзгѳртʏʏ жѳнʏндѳ 

          Каракол шаарынын №1,№2,№3,№4 аймактык башкармалыгынын Пржевальский атн. кѳчѳсʏнʏн жашоочуларынын жыйналыштарынын протоколдорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII  чакырылышынын XXXVI сессиясы

токтом кылат: 

1. Каракол шаардык Кенешинин, 2004-жылдын 3-июнундагы №24-10/11 “Каракол шаарынын кѳчѳлѳрʏнʏн атын ѳзгѳртʏʏнʏн тартибин жѳнгѳ салуу жѳнʏндѳ” токтомунун №1 тиркемесинен, ѳзгѳчѳ тартипте, Пржевальский атн. жана Манас атн. кѳчѳлѳрʏнʏн атын ѳзгѳртʏʏгѳ жатпай турган кѳчѳлѳрдʏн тизмесинен чыгарылсын.

2. Пржевальский атн. кѳчѳсʏ Манас атн. кѳчѳ деп аталсын.

3. Каракол шаарынын мэриясы, 2024-жылдын 1-мартына чейин аталышы ѳзгѳртʏлгѳн жана жаңыдан аталган кѳчѳнʏн бурчтарына кѳчѳнʏн аталышы жазылган кѳрнѳктѳрдʏ даярдоону жана бекитʏʏнʏ камсыз кылсын.

4. Мурдагы Манас атн. кѳчѳ, 2024-жылдын 1-апрелине чейин, аталышы жок турсун.

5. Каракол шаарынын мэриясы, 2024-жылдын 1-мартына чейин, мурдагы Манас атындагы кѳчѳсʏн атоо боюнча сунуш берсин.

6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

7. Токтом ММКларга  жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.

8. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишкердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

  

Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов