Редакцияот 01.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

4 заседание Байтикского айылного кенеша 29 созыва

2023-жылдын 1-июну № 39-п

Байтик айыл аймагындагы тартип бузууларды текшерүү комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 55-б “Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана укук бузуулардын бирдиктүү реестри” боюнча протоколун карап жана талкуулап, Республика Байтик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Байтик айылдык округунун аймагындагы укук бузууларды кароо боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык төмөнкү курамда бекитилсин:

- Ниязалиев Малик Сааданович - комиссиянын төрагасы;

- Муктарканов Бактыбек Муктарканович - комиссиянын мүчөсү;

- Абдылдаева Дамира Кожобековна - комиссиянын мүчөсү;

- Сыргаков Жолдошбек Сыргакович - комиссиянын мүчөсү;

- Орозова Кулина Шаршенкуловна - комиссиянын мүчөсү;

- Атабаев Смар Карпатаевич – член комиссии;

- Байтик айыл аймагынын аймактык тескөөчүсү;

- Айыл  башчылар.

2. Комиссия ар ай сайын тиешелүү кызматтарга «Бузуулар жөнүндө» иштерди кароо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берип турат;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

 Төрага

 

К. Осмоналиев