Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргызстан айылдык кеңешинин

XXVI-чакырылышы

 

2024-жылдын 17-январы № 69

 

“Кичи капка унаа жолу өткөрмө пуктуна

жер тилимин которууга макулдук берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздукмамлекеттик комитетининчек ара кызмат № 20-29 аскер бөлүмүнүн Талас облусу боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 15-январындагы № 18 сандуу катын жетекчилике алып Кыргызстан айылдык кенеши талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. «Кичи-Капка» унаа жолу өткөрмө пунктун ачуу үчүн Кыргызстан айыл аймагынын администравтивдик чегиндеги керектелүүчү 5,50 га жерин № 8 контурдан 2,50 га жана №37 контурдан 3,0 га жер аянтын айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) «Айыл чарба багытындагы жерлер» 1-категориядагы сугат айдоо жер аянтынан 3-категорияга «Өнөр жайынын, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Жер тилим бөлүп берип, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн  башчысы М.Жунусалиевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Оморов