КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин
XXVI-чакырылышы
2024-жылдын 2-февралы № 71
“ Кыргызстан айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү”
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган жайыт комитетинин 2043-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү) аткарылышын жетекчиликке алып Кыргызстан айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалануу үчүн малчылардан алынуучу тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин:
Туяк башына – кой-эчки 5 сом
Кара мал – уй,бука,жылкы – 30 сом.
2. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө статья (14152200) түшкөн акча каражатын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине 3/2 (үчтөн эки) бөлүгү которулуп берилсин.
3. Жайыт комитетинин 2024-жылга карата киреше бөлүгү – 122,9 мин сом жана чыгаша бөлүгү -122,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Дыйкан-фермер чарбалар жана жеке чарбалар менен келишим түзүү жана төлөмдөрдү өндүрүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С. Мырзахматов милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.А.Жунусалиевке, аткаруу жагын каржы - экономика бөлүмүнүн башчысы милдеттин аткаруучу Н.Субанбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Оморов |